2022-01-20

СЕМИНАР ЭКИ УНИВЕРСИТЕТ ҮЧҮН АЛТЫН КӨПҮРӨ БОЛДУ


2022-жылдын 14-январында КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмү менен ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин № 1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы биргелишип, онлайн форматта «Көркөм чыгармаларды окутуунун усул-ыкмалары» аттуу метод семинар өткөрдү.

Алгач КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, ф.и.к. Режеп Йүрүмез менен ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Нурмамат Турганбаев расмий түрдө метод семинарды ачып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Андан соң ОшМУдан жогоруда аталган кафедранын улук окутуучулары Махабат Апышова менен Гулзар Мамадиева, ал эми КТМУдан Кыргыз тили координаторлугунун окутуучулары Сааткан Наркулова менен Алтынбек Исмаилов баяндама жасады.

Метод семинарга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан жалпы 60 ка чукул окутуучу катышты.

  • MEET программасы аркылуу жүзөгө ашкан онлайн семинардын аягында аталган иш-чараны уюштурууга салым кошкон жетекчилер раазычылык сөздөрүн билдиришти. Тактап айтканда, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин № 1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы, п.и.к, доцент Зувайда Каразакова, КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр орун басары Салия Вайсканова жана Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. Фарук Гүн баяндамачылар менен катышуучуларга ийгилик каалап, ак жол тиледи.

Айтор, КТМУ менен ОшМУнун кызматташуусуна себепкер, достугуна алтын көпүрө болгон метод семинар өз максатына жетип, ийгиликтүү аяктады. Аны Кыргыз тили координатору Алтынбек Исмаилов алып барды.